Баткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдө

05.03.2026 | 16:30

Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы түрлөрүн киргизүү боюнча илимий-изилдөө долбоорлору башталды. КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, түшүмдүүлүктү жогорулатуу жана өсүмдүктөрдү жергиликтүү климатка ылайыкташтыруу максатында сыноолор Баткен жана Нарын облустарында жүргүзүлүүдө.

Баткен облусунда Түркиядан алынып келинген цитрус өсүмдүктөрүнүн көчөттөрү жергиликтүү шарттарга ыңгайлашуу (адаптация) боюнча текшерүүдөн өтүүдө. Изилдөөчүлөр мөмө-жемиштердин жаңы сортторун өстүрүү үчүн база түзүү максатында бул өсүмдүктөрдүн аймактын шартына канчалык деңгээлде байырлап кетишин изилдеп жатышат.

Нарын облусунун Ат-Башы районунда кургакчылыкка туруктуу жемиш өсүмдүктөрүн өнүктүрүү үчүн 100 гектар жер бөлүнгөн. Бул аянтка крыжовник (тикендүү карагат) жана карагат тигилди. Бул өсүмдүктөр суу тартыш болгон шартта да туруктуу түшүм бере алат деп күтүлүүдө.

Ушул эле облустун Нарын районунда күздүк буудайдын «Стекловидная-24» сортун сыноо башталды. Долбоордун алкагында бийик тоолуу шартта жогорку сапаттагы дан алууга багытталган биринчи репродукция себилди.

Дан өсүмдүктөрүнүн селекциясы боюнча иштер россиялык изилдөө борборлору менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Өнөктөштүк сортторду ыңгайлаштырууну жана агроөнөр жай комплексинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган технологияларды апробациядан өткөрүүнү камтыйт.

Тармактык ведомство бул эксперименттер дыйкандарга кыйла түшүмдүү чарба жүргүзүү ыкмаларын киргизүүгө жардам берерин баса белгилейт. Узак мөөнөттүү келечекте бул иштеп чыгуулар Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого жана айыл чарбасынын климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулугун жогорулатууга багытталган.

Scroll to Top