Дональд Трамп Газадагы жаңжалдын аяктаганын жарыяладыКөтөрүп чапкан: милиция мушташкан эркектерди РИИБге өз эрки менен келүүгө чакырдыОш шаарына жаңы сейил бак курулуудаСалык кызматы Бишкекте көмүскө алкоголдук ишкананы аныктадыАвтобуста кызды кармалаган чет элдик жаран Кыргызстандан депортацияланатСоттук-эксперттик кызмат жана УКМК жаңы криминалистикалык жабдууларды алышты
Баткенде 53 жаштагы аял бир жумадан бери дайынсыз болууда
31.05.2021 | 11:03
Баткен облусунда психикалык жактан жабыркаган аял бир жумадан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
24-майда болжол менен саат 08:30да Баткен районунун Самаркандек айылынын 1968-жылы туулган тургуну Батма Мурзалиева өзү жашаган үйүнөн белгисиз тарапка чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери жүрүп жатканы айтылат.
Кийген кийимдери: үстүндө ак түстөгү көйнөк, башында ак түстөгү жоолук.
Белгилери: бою 160-175 см, кашы-көзү кара, арык-чырай келген, чачы кара узун.
“Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү аялды таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: (03622) 5-17-56; 0774 77-86-88; 0709 73-66-37.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар