Кыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды
Баткенде 600дөн ашык ишкер жеңилдетилген насыя алды
21.07.2023 | 20:04
Баткен облусунда 2023-жылдын 6 айында “РСК Банк” жана “Айыл Банк” тарабынан 6% дык насыялар жалпы 508 ишкерге берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, 408 ишкер насыяны мал чарбачылыгы багытына алса, 100 ишкер дыйканчылык үчүн алган. Берилген насыялардын суммасы 232,1 млн сомду түздү.
“Аны менен катар республикалык бюджеттен Финансы кредиттик фонду аркылуу чек арадагы акыркы окуяда жабыркаган ишкерлерди колдоо максатында, 107 ишкерге 1% менен жалпы 90,2 млн сом насыя берилди. Жалпы 162 ишкер кайрылган, улам кредиттик келишимдер түзүлүп, насыясы которулууда”, – деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча 5 фермер 2,5 млн сом насыя алган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика