Баткенде аялды тоноп 100 миң сом, зер буюмдарды алып кеткендер кармалды  — сүрөт

Баткенде аялды тоноп 100 миң сом, зер буюмдарды алып кеткендер кармалды  — сүрөт

Баткенде тургундун 100 миң сомун жана алтын буюмдарын карактагандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, окуя Кызыл-Кыя шаарында  4-январда түндө болгон.  Анда 2 белгисиз адам жергиликтүү тургундун үйүно кирип, үй ээси бычак менен коркутуп таңып, 100миң сом акчасын жана алтын буюмдарын алып из жашырган.

Ыкчам-изилдөө иштеринин жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарынан 2 адам шектүү катары кармалып, уурдалган алтын буюм, акча каражаттар табылган.

Кармалган адамдардын аты-жөнүн тактаганда экөө тең мурда соттолгон, бири 32 жаштагы Н.А. аттуу Ош облусунун тургуну, бири 31 жаштагы  К.Н. аттуу Жалал-Абад облусунун тургуну экени белгилүү болгон. 

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. 

[su_image_carousel source=»media: 53463,53465,53466,53467,53468,53469″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>