Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Баткенде бажы кызматкери пара берип жатканда кармалды
28.08.2025 | 13:12

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында Мамлекеттик бажы кызматынын “Баткен” бажысынын улук инспектору К.Г.Б. 1000 АКШ доллары өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, кармалган кызматкер Коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерине кызматтык иликтөө боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн пара сунуштаган.
Аталган факт боюнча “Пара берүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар