ӨКМ эскертет: Өлкө аймагында табигый кырсыктардын активдешүүсү күтүлүүдөБишкек менен Ошто «Франкофония жазы – 2026» фестивалы өткөрүлөтКыргызстандын эл артисти, белгилүү актёр Абдыкалык Акматов дүйнөдөн кайттыАйыл чарба министри оорулуу малды бөлүп кармоону жана ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырдыКыргызстанда токойлорду калыбына келтирүүгө 81 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү1-апрелден тарта автоунааларды каттоо толугу менен онлайн форматка өтөт
Баткенде эки бөлмөлүү үй толугу менен күйүп кетти
31.01.2022 | 10:55
Баткенде эки бөлмөлүү турак үй толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Таңкы саат 05:41деги маалыматта Сүлүктү шаарында турак үй күйүп жаткандыгы айтылган. №52 ӨККБнөн 1 бөлүм саат 06:00дө өрт болгон жерге жетип, 06:22де өрттү толук өчүрүшкөн. Ага кошумча Сүлүктү шаарындагы 1-ӨМТККВнан 4 куткаруучу тартылып, үй эмеректери сыртка чыгарылган.
Материалдык чыгым: 2 бөлмөлүү турак үй толугу менен күйүп кеткен.
Өрттүн жалпы аянты 18 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жок.
Өрттүн чыгуу себеби такталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом