Кыргызстанда аэропорттон президенттин администрациясына чейин өзүнчө атайын жол куруу пландалуудаСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскертти
Баткенде Калпаев, Ошто Эргешов, Кара-Сууда Кубанычбеков алдыга озуп чыкты
29.04.2024 | 09:03
Баткен, Ош жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округтарында өткөн добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары белгилүү болду.
Ага ылайык Ош округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо талапкер Бекмурза Эргешов добуштардын 43, 75% (100 96) алып алдыга чыкты. Андан кийинки орунда 14,60% добуш (3 233) топтогон Ильичбек Эргешов турат. Үчүнчү орунга Бекболот Арзибаев 13,68% (3 028) добуш менен келди.
Кара-Суу округунда 36,16% (7 601 адам) добуш менен Илимбек Кубанычбеков жеңди. Экинчи жана үчүнчү орунду Турдубек Орунбаев 17,28% (3 633 адам) менен Сталбек Ажимаматов 12,76% (2 682 адам) ээледи.
Баткенде Бактияр Калпаев 41,51 % (11 814) добуш алды. Андан кийинки орунга Кеңеш Салихов 12,93 пайыз, Асылбек Мадалиев 12,85 пайыз менен жайгашты.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат