Баткенде күйөөсү бычактаган дарыгер аял ооруканага түшкөнү айтылды. Милиция үн катты

Баткенде күйөөсү бычактаган дарыгер аял ооруканага түшкөнү айтылды. Милиция үн катты

Баткен облустук милициясы күйөөсү бычактап ооруканага түшкөнү айтылган тууралуу боюнча маалымат берди.

Маалым болгондой, 31-декабрга караган түнү Баткен облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жараат алган 31 жаштагы келин (И.Ч.) түшүп, ал тууралуу милицияга кабар берилген.

Бул факт каттоого алынып, ооруканага ыкчам-тергөө тобу барган.

Сурак учурунда келиндин 32 жаштагы күйөөсү (М.Б.) 30-декабрда жубайы менен пикир келишпестиктен улам урушуп кеткенин билдирген.

Ошондой эле келин көрсөтмө берип, өзүнө-өзү кол салганын, эч кимге арыз-доосу жок экенин айткан. Учурда аялдын абалы орто, бир калыпта.

Милиция тергөө амалдары жүрүп жатканын, тиешелүү экспертизалар дайындалганын билдирди.

«Азаттык» жазгандай, 6-январда Баткендеги блогер Батмакан Жолболдуева «Фейсбуктагы» баракчасына дарыгер келинди жолдошу бычактап салганын жазып, күйөөсүнө чара көрүүнү талап кылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>