Баткенде “Нелегал” иш-чарасында 27 мыйзамсыз мигрант аныкталды

20.08.2025 | 17:01

Баткен облусунда 18–20-август күндөрү Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан “Нелегал” аталышындагы иш-чара өткөрүлдү.

Баткен ОИИБнын маалыматына ылайык, облус аймагында мыйзамсыз миграциянын алдын алуу максатында Баткен ОИИОнун кызматкерлери чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын мыйзам талаптарын түшүндүрүү менен профилактикалык иштерди жүргүзүшкөн.

Иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамсыз иштеп жүргөн 27 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга административдик протоколдор түзүлүп, айып пул салынды. Мындан тышкары, мыйзамсыз миграцияны уюштуруу фактысы боюнча бир кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Ошондой эле, операциянын алкагында 6 кылмыш ишинин бети ачылды. Экстремизмдин алдын алуу багытында мурда соттолгон жана профилактикалык каттоодо турган 18 жаран менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top