Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Сокулукта 17 жаштагы айдоочу жол тескөөчүнү 300 метрге чейин сүйрөп кетти
20.08.2025 | 17:04

20-августта түнкү саат 03:15 чамасында Сокулук районунда 17 жаштагы айдоочу жол инспекторунун мыйзамдуу талабына баш ийбей, аны унаасынын капотунда 200–300 метрге чейин сүйрөп кеткен.
Маалыматка ылайык, инспектор мамлекеттик номери жок Toyota Camry унаасын токтоткон учурда айдоочу буйрукка баш ийбей качууга аракет кылган.
Жыйынтыгында жаш өспүрүмгө 15 миң сом айып салынды. Мындан тышкары, унааны мамлекеттик номери жок, айдоочулук күбөлүксүз айдаганы жана милиция кызматкерине баш ийбегени үчүн дагы протоколдор түзүлдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар