Кадамжайда шахтадан өрт чыгып эки жүздөн ашуун мал өлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 3-февраль күнү саат 12:00 чамасында Кадамжай шаарынын Сурьма комбинаттын аймагындагы иштетилбеген шахтадан өрт чыккан. Ал шахтанын ичин жергиликтүү тургундар мал кармоого пайдаланылып келген. Өрттүн кесепетинен 243 кой-эчки өлгөн.
Окуя болгон жерге барган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары өрттү өчүрүп, тосмо орнотуп, тургундардын макулдугунун негизинде 243 кой-эчкини шахтанын ичине көмүп кетишкен.
Жабыркаган жана каза болгон адамдар жок.