Баткенде жол кырсыгынан эки адам каза болду

Баткенде жол кырсыгынан эки адам каза болду

Баткен облусундагы жол кырсыгынан эки адам каза болуп, 4 адам жараат алды.Бул тууралуу облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 6-декабрь күнү саат 18:20 чамасында Ош—Исфана жолунун 290-чакырымында катталган.

«Мерседес-Бенц Спринтер» жана «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан кырсыктан 2 адам каза болуп, 4 адам жараат алган. жабыркагандар ооруканага жеткирилген.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кырсыктан себептери иликтенүүдө.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>