Баткендеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон берилди

Баткендеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон берилди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунун Кадамжай районундагы аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 100 миң сом өлчөмүндөгү гранттарды тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы социалдык жактан аяр категориядагы 100 үй-бүлөгө жардам көрсөтүү максатында инновациялык пилоттук долбоорду ишке киргизген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров белгилегендей, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү эки эсеге жогорулатылды – 2021-жылдын 1-октябрында жана ушул жылдын январынан тартып айрым жөлөкпулдар 200%га көбөйтүлдү.

Анын айтымында, Баткен облусунда 14 миңден ашуун аз камсыз болгон үй-бүлө каттоодо турат, 45 миң 396 бала 810 сомдон жөлөк пул алат.

«Бул пилоттук долбоор республиканын эки районунда ишке кирди. Алынган гранттар сиздин ийгилигиңизге жана бакубат жашооңузга өбөлгө түзөт деп ишенебиз. Анда бул долбоор бүтүндөй республика боюнча ишке ашырылат. Сиздер тапшырган бизнес-пландардын арасында асыл тукум мал жана канаттууларды өстүрүү, тигүүчүлүк, ширетүүчүлүк боюнча демилгелер бар. Эң негизгиси, грант өз максатында жумшалып, бизнес-идеяңызды ийгиликтүү ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Биздин максат аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө оор турмуштук кырдаалдан чыгууга жардам берүү. Мындай долбоорлор аймактарда кичи бизнести өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жакырчылыкты кыскартууга да оң таасирин тийгизет деп ойлойбуз. Жергиликтүү бийлик органдары мындай үй-бүлөлөр менен тыгыз иштешип, аларга ар тараптуу көмөк көрсөтүүсү зарыл», — деди Акылбек Жапаров.

Маалымдама: «Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык контракттын негизинде социалдык жардам» долбоорунун алкагында бир жолку гранттар берилди.

«Социалдык контракт» – бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен мамлекеттин ортосундагы келишим, анын алкагында аяр катмардагы үй-бүлөлөр гранттык каражаттарды, ошондой эле финансылык сабаттуулукка окутууну, бизнес-план түзүүгө көмөк көрсөтүүнү, кесиптик же айыл чарбалык билим берүүнү, ийгиликтүү узак мөөнөттүү бизнес үчүн коомдук кызматтарды жана насааттарды камтыган комплекстүү колдоо пакетин алат.

Долбоор айыл чарбасы, тигүү кызматтары сыяктуу ишмердүүлүк жана башка демилгелер үчүн бизнес-идеялары, башталгыч активдери жана базалык билими бар жакырчылыктын чегинде жашаган үй чарбаларына багытталган.

Айрым учурларда социалдык контракттар жергиликтүү бизнес жана жеке ишкерлер менен өнөктөштүктө ишке ашырылат, алар аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн туруктуу иш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн түзүшөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>