Баткендеги газ өткөн түтүктөр менен скважиналар текшерилди — ФОТО

Баткендеги газ өткөн түтүктөр менен скважиналар текшерилди — ФОТО

Адистер Баткен облусунун аймагында жайгашкан газ сактоочу жайларда, газдын жоктугун дагы бир ирет аныктады. Бул тууралуу Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусундагы бир катар массалык маалымат каражаттарынын, жергиликтүү бийлик, “Ош Газ” филиалынын Баткендеги эксплуатациялык газ кызматынын өкүлдөрү жана бул тармактагы тажрыйбалуу адистер, Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында жайгашкан, Өзбекстандын газ сактоочу жайларында болушту.

“Ош Газ” филиалынын Баткендеги эксплуатациялык газ кызматынын өкүлү Адылбек Токтоматов, адис катары бардык газ түтүктөрүн жана газдын басымын ченөөчү өлчөгүчтөрдү текшерип чыкканын, бул жерде эч кандай газ же дагы башка мунай заттарынын жок экендигин билдирген.

“Журналисттер менен адистер аталган аймактагы газ өткөн түтүктөрдү, скважиналарды жана мунай казган жабдууларды карап чыгышты. Бардык жабдуулардын эчак эле иштетилбей жаткандыгы, электр чубалгыларынын үзүлгөндүгүнө күбө болушту”, — деп айтылат маалыматта.

Бул аймакта делимитация жумуштары толугу менен бүткөн, бирок обьектилер Кыргызстанга өткөрүлүп бериле электигинен, өзбек тарап обьектилерди кайтарып турары кабарланды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>