Батукаевдин иши: мамлекеттик айыптоочу Атамбаевге 15 жыл жаза сурады

Батукаевдин иши: мамлекеттик айыптоочу Атамбаевге 15 жыл жаза сурады

«Батукаевдин иши» боюнча мамлекеттик айыптоочу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 15 жылга эркинен ажыратууну сурады. Бул тууралуу ЖМКларга мурдагы президенттин жактоочусу Замир Жоошев билдирген.

Маалыматка ылайык, кечээ, 16-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу ишине байланыштуу соттук отурум болгон.

Анда прокурорлор айыптоо актысын окуган.

«Бүгүн жарыш сөздө мамлекеттик айыптоочулар мурдагы айыптоо актысын окуп койду. Анан шектелүүчүлөргө жаза сурады. Алмазбек Шаршеновичти 15 жылга эркинен ажыратуу, мамлекеттик сыйлыктарын жокко чыгаруу, үй мүлкүн мамлекетке чегерүүнү суранды», — деген Жоошев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>