«Байып кетүү эмес, жан багуу». Рестораторлор бааны жогорулатуу боюнча айыптоолорго жооп беришти

05.02.2026 | 19:45

Кыргызстандын ресторан жана мейманкана бизнесинин өкүлдөрүн бириктирген «Хорека Клуб» ассоциациясы коомдук тамактануу жайларында баалардын түзүлүү механизмин деталдуу түшүндүрүп берди. Бул билдирүү тейлөө акысын өзүнчө алууга тыюу салынгандан кийин менюдагы баалардын кескин кымбатташына байланыштуу коомчулук жана бийлик тарабынан айтылган сын-пикирлерге жооп болду. Рестораторлор баанын өсүшү — байып кетүү аракети эмес, бизнести сактап калуу жана кызматкерлерди жоготпоо үчүн аргасыз чара экенин тастыкташууда.

Тейлөө — чөнтөккө эмес, баага кирет

Ассоциациянын негизги тезиси: тейлөө үчүн алынган 15% эч качан жайлардын таза пайдасы болгон эмес. Бул каражаттар эмгек акы фондун (официанттар, техникалык кызматкерлер) түзүп, сервистик чыгымдарды (салфетка, тиш чукугуч, идиш-аяк) жапчу.

«Тейлөөнү» өзүнчө сап менен көрсөтүүгө тыюу салган Министрлер кабинетинин токтому күчүнө киргенден кийин, бизнесте бул чыгымдарды тамак-аштын наркына кошуудан башка мыйзамдуу жол калган жок.

«Бул кызматкерлердин киреше деңгээлин сактоого жана кадрлардын жапырт кетишинин алдын алууга мүмкүндүк берген жападан-жалгыз курал», — деп баса белгилешти «Хорека Клубдан».

Баа эмнеден куралат?

Ассоциация Бишкектеги орточо ресторандын чыгашаларынын түзүмүн сунуштады. Алардын маалыматына ылайык, тамактын жалпы өздүк наркы менюдагы баанын 82,6%ынан 88,6%ына чейин түзөт.

Чыгымдардын түзүмү (тамактын баасына карата % менен):

  • Азык-түлүк/чийки зат: 38% — 40% (эң көп чыгымдуу бөлүк).
  • Айлык акы жана социалдык чегерүүлөр: 15%.
  • Ижара: 7% — 8%.
  • Маркетинг: 5% — 6%.
  • Салыктар: 4,6%.
  • Чарбалык чыгымдар жана бат жешилүүчү буюмдар (идиш-аяк, инвентарь): 5% — 5,5%.
  • Коммуналдык кызматтар жана күзөт: 2% — 2,5%.
  • Башкалар (таңгак, транспорт, банк, амортизация): болжол менен 4,5%.

Рестораторлор баалардын адилеттүүлүгүн эт менен ундун баасын гана эсептөө менен баалоо методологиялык жактан туура эмес экенин, анткени мында операциялык чыгымдардын чоң катмары эске алынбай каларын белгилешүүдө.

Кафелердеги баа темасы Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Депутат Дастан Бекешев чуулгандуу токтомду жокко чыгарууну талап кылып, «бизнес кыйналып жатканын» билдирди.

«Буга кийлигишүүнүн эмне кереги бар эле? Кафени эмес, ун менен майдын баасын жөнгө салгыла да», — деп нааразы болду эл өкүлү.

Ага жооп иретинде Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев мыйзам боюнча тейлөө акысы ыктыярдуу болушу керектигин, ал эми аны эсепке «милдеттүү түрдө» кошуу керектөөчүлөрдүн укугун бузуп келгенин билдирди.

Scroll to Top