Базарлар доору аяктап жатабы? Заманбап соода форматтары Борбордук Азияны кантип багындырууда?

Постсоветтик мейкиндиктеги керектөө рыногу масштабдуу трансформация баскычына кирди. Борбордук Азия өлкөлөрү, өзгөчө Кыргызстан менен Өзбекстан, эки орундуу өсүү темптерин көрсөтүүдө. Салттуу «базарлар» маркетплейстердин кысымы астында позицияларын кантип алдырып жатат, эмне үчүн жакын арада оффлайн-дүкөндөрдөн сатып алуу онлайнга караганда арзаныраак болуп калат жана жасалма интеллект жеткирүү экономикасын кантип куткарууда?
Бул суроолор INFOLine аналитикалык агенттиги тарабынан уюштурулган эксперттик талкуунун жүрүшүндө көтөрүлдү. Талкуунун борборунда Борбордук Азия чөлкөмүндөгү ритейлди өнүктүрүү стратегиялары болду.
Макроэкономика: Кыргызстан өсүү боюнча лидер, Казакстан — насыя тузагында
INFOLine агенттигинин жетекчиси жана негиздөөчүсү Иван Федяков белгилегендей, Борбордук Азия өлкөлөрү санариптештирүү боюнча артта калууну тездик менен кыскартып, айрым аспекттерде уникалдуу чечимдерди жаратып, өз жолу менен баратат.

2025-жылдын башкы сенсациясы керектөө рыногунун динамикасы болду. Бүгүнкү күндө Борбордук Азия сооданын чыныгы «локомотиви» катары көрүнүүдө.
«Өзбекстан менен Кыргызстанда өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча өсүштүн эки орундуу көрсөткүчтөрүн көрүп жатабыз. Баса белгилеп кетейин, бул физикалык көлөмдөгү динамика. Ал эми акчалай алганда, инфляцияны эсепке алганда, өсүш 20% жана андан жогору болду. Бул абдан позитивдүү натыйжа», — деп баса белгиледи Иван Федяков.
Бүгүнкү күндө чөлкөм карама-каршылыктардын уникалдуу рыногу болуп саналат. Бир жагынан, ири шаарлардагы заманбап соода форматтарынын (супермаркеттер, гипермаркеттер жана дискаунтерлер) тыгыздыгы дүйнөлүк мегаполистердин көрсөткүчтөрүнөн дагы деле артта калууда. Тарыхый жактан чекене товар жүгүртүүнүн арстан үлүшү бул жерде салттуу түрдө уюшулбаган соодага — ачык базарларга туура келет.
Бирок дал ушул өзгөчөлүк азыр ири бизнес үчүн пайдалуу болууда. Керектөөчүлөрдүн базардан заманбап дүкөндөргө жана онлайн платформаларга акырындык менен өтүшү жаңы соода түйүндөрүн ачуу үчүн эбегейсиз зор потенциалды түзөт. Борбордук Азия азыр жигердүү экспансия баскычында турат.

Ошого карабастан, бул дүркүрөгөн өсүш өзү менен кошо олуттуу макроэкономикалык тобокелдиктерди да алып келүүдө. Рыноктун «ысып кетишинин» ачык мисалы катары Казакстанды келтирсек болот. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча республикада чекене соода 7,5%дык ишенимдүү өсүштү көрсөткөн. Бирок 2026-жылдын башында эле (январь-февраль) товар жүгүртүүнүн өсүү темпи кескин басаңдап, 3,5%га чейин түшүп кетти.
Аналитиктер мындай «сууп калуунун» бир нече себебин аташууда:
- Салыктык жүктүн күчөшү: КНСтин (НДС) ставкасынын 16%га чейин көтөрүлүшү текчелердеги баалардын кымбатташына жана калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келди.
- Катуу монетардык саясат: Инфляцияны ооздуктоо аракетинде Казакстандын Улуттук банкы базалык ченди 18%га чейин көтөрүүгө мажбур болду, бул бизнес жана калк үчүн насыяларды кымбаттатты.
- Насыя көбүгү: Эң кооптуу фактор — жарандардын ашыкча карызга батышы. Эксперттердин маалыматы боюнча, казакстандыктардын банктарга болгон жалпы карызы астрономиялык суммага — 25 триллион теңгеге жетти. Бул цифра иш жүзүндө өлкөнүн бир жылдык чекене соода жүгүртүүсүнө (100%) барабар. Бир адамга туура келген орточо карыз 2500 долларга жакындады.
Бул казакстандык керектөөчүлөрдүн жүрүм-турум моделин кескин өзгөрттү — алар карызга батып иретсиз керектөөдөн катуу үнөмдөөгө жана каражат топтоого өтүштү.
E-commerce: Маркетплейстердин экспансиясы
Борбордук Азиядагы электрондук коммерция (e-commerce) рыногунда активдүү кайра бөлүштүрүү жүрүп жатат. Эл аралык ири маркетплейстер миңдеген буйрутмаларды берүү пункттарын (ПВЗ) ачып, экспансиясын улантууда.
«Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанда ПВЗлардын өсүү потенциалы абдан чоң. Бул өлкөлөр алардын санын ондогон эсе көбөйтүшү керек, бул керектөө рыногунун көрүнүшүн олуттуу өзгөртөт», — деди Федяков.
Чөлкөмдүн лидери — казакстандык Kaspi компаниясынын мисалы көрсөтмөлүү. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча маркетплейстин жүгүртүүсүнүн (GMV) өсүшү болгону 11%ды түздү, бул 12%дан жогору болгон расмий инфляция шартында физикалык көлөмдүн иш жүзүндө токтоп калганын билдирет. Бирок компаниянын кирешеси 23%га өскөн. Мунун сыры бизнес-моделдин трансформациясында: классикалык маркетплейстин үлүшү азайып жатканы менен, жарнама сатуудан (Retail Media) жана азык-түлүк жеткирүүдөн (e-grocery) түшкөн кирешелер тездик менен өсүүдө.
Керектөөчү үчүн күрөш: Бренддердин стратегиялары
Өзбекстан: Жаштар үчүн базар менен болгон күрөш
M-Cosmetics (Өзбекстан) тармагынын башкы директору Сергей Ржавский бир жыл ичинде тармактын кирешеси 40%га өскөнүн билдирди. Компания жаңы аймактарда дүкөндөрдү ачып, омниканалдуу моделди өнүктүрүүдө.
Reporter.kg маалымкаты: Омниканалдуу модель — бул байланыштын бардык каналдарын (сайт, соцтармактар, дүкөндөр, мессенджерлер) бирдиктүү тутумга бириктирген бизнес-ыкма).
Негизги басым демографияга жасалууда: өлкөдө калктын орточо курагы — 28 жаш.
«Биздин башкы атаандашыбыз — базар, биз жаңы керектөө маданиятын калыптандыруу менен кардарларды базардан тартып алышыбыз керек», — деди Ржавский.
Казакстан: Оффлайн онлайнга караганда арзаныраак болобу?
«Леонардо» гипермаркеттер тармагынын директорлор кеңешинин төрагасы Борис Кац кызыктуу пикири менен бөлүштү. Анын айтымында, маркетплейстердин комиссияларынын тынымсыз өсүшүнөн улам баалар теңелүүдө.
«Логика жана экономика боюнча, оффлайн-дүкөндөрдөгү товарлар онлайнга караганда арзаныраак болушу керек. Жеткирүү, курьерлер, кампалар жана ПВЗларды эсепке алганда товардын арзан болушу таң калыштуу. Мен Казакстанда интернет аркылуу буйрутма бергенде баа дүкөндөгү текчеге караганда кымбатыраак чыккан учурларды көп көрөм. Керектөөчү муну жакында түшүнөт», — деп жыйынтыктады Борис Кац.
Жасалма интеллект кирешелүүлүктүн сакчылыгында
Эч кимге зыян алып келген e-commerce керек эмес. «Яндекс Тех» компаниясынын өкүлү Александра Перетолчина жеткирүүнү кантип пайдага чыгаруу керектиги тууралуу айтып берди. Анын айтымында, буга технологиялар жана жасалма интеллект (ЖИ) аркылуу жетүүгө болот:
- Акылдуу баа түзүү (Smart Pricing): Суроо-талап жогору болгондо же аба ырайы начарлаганда бааларды динамикалык түрдө көтөрүү.
- Өздүк соода маркалары (ӨСМ): Өздүк бренддердин түрлөрүн кеңейтүү, анткени алардын маржасы ар дайым жогору болот.
- Retail Media: Тиркеменин ичинде жеткирүүчүлөргө жарнама орундарын сатуу.
- AI-сунуштар жана акылдуу издөө: Аталышы боюнча издөөдөн мааниси боюнча издөөгө өтүү (мисалы, «борщ бышыруу үчүн эмне сатып алыш керек?» деген суроону иштеп чыгуу).
Кыргызстанды кошкондо Борбордук Азия өлкөлөрү бүгүн уникалдуу чекитте турат. Жаш калкка ээ болуу жана чекене соодада жогорку өсүү темптерин көрсөтүү менен, чөлкөм өнүгүүнүн бүтүндөй этаптарынан секирип өтүп, көчө базарларынан түз эле заманбап супермаркеттерге жана маркетплейстерге өтүүдө. Ритейл үчүн жакынкы жылдардагы башкы чакырык — кымбат онлайн жеткирүү менен классикалык дүкөндөрдүн ортосундагы тең салмактуулукту сактап, бааларды калк үчүн алгылыктуу деңгээлде кармап туруу болмокчу.