Кыргызстандык ырчы Бегимай Турусбекова орусиялык “Пятница” телеканалынын “Царица” музыкалык долбоорунун жарым финалында “Ты и я” жана “Была любовь” чыгармаларын аткарды.
Анын аткаруулары жандуу музыка менен коштолду: композициялардын авторлору Дмитрий Маликов менен Виктор Дробыш пианинодо ойношту.
Жалпысынан 99,52 упай топтогон Турусбекова жарым финалда 1-орунду ээлеп, финалга өттү. Эми үч катышуучу жеңиш үчүн ат салышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз