Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Белгилүү социолог Кусеин Исаев каза болду
31.03.2023 | 19:26
Кыргызстан социологиялык ассоциациясынын президенти Кусеин Исаев каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Кусеин Исаев 1937-жылы 7-сентябрда Ысык-Көл районунун Бостери айылында туулган.
1994-жылы Бишкек гуманитардык университетинин менеджмент жана социология факультетин уюштуруп, аны жетектеген.
1998-жылдан БМУда социология кафедрасынын профессору, 2008-жылдан «Манас» КТУнун социология кафедрасын жетектеген. Исаев ошондой эле Эл аралык социологиялык, саясий жана социалдык психологиялык илимдер борборунун директору болгон.
1-апрелде саат 10:00дө Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында жарандык эскерүү кечеси болот.
Кусеин Исаев тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаевдин атасы.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар