Бир аптанын ичинде Кыргызстанда 6,5 миңден ашык КРВИ учурлары катталды

29.10.2025 | 15:07

Кыргызстанда 20-26-октябрь аралыгында курч респиратордук вирустук инфекциянын (КРВИ) 6 миң 699 учуру катталды. Бул мурунку жумага салыштырмалуу 13,9 пайызга көп. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, грипп жана КРВИ боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу бойдон калууда, бирок айрым аймактарда оорулардын көбөйүшү байкалууда.

Ооруган жарандардын 64,6%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт, бул болжол менен 4,3 миң адамды түзөт. Ооруканаларга 452 бейтап (6,7%) жаткырылган.

Эң көп учурлар Бишкек, Ош, Нарын жана Чүй облустарында катталган.

Өлкө боюнча курч респиратордук инфекциялары жана грипп сыяктуу оорулар боюнча эпидемиологиядык көзөмөл уланууда. Эпидемиологиялык мезгил 29-сентябрда башталгандан бери грипп вирусу али аныктала элек.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, гриппке каршы эмдөөнү жеке медициналык борборлордон алууга болот. Вакцинанын баасы 400дөн 1 000 сомго чейин.

Дарыгерлер КРВИ же грипптин алгачкы белгилери байкалганда өз алдынча дарыланбай, үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылууга чакырды.

Scroll to Top