“Бир Бол” ЖМКлар тарабынан жаштардын жана билимдүүлөрдүн партиясы деп таанылды

“Бир Бол” ЖМКлар тарабынан жаштардын жана билимдүүлөрдүн партиясы деп таанылды

ЖМКлар тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр боюнча “Бир Бол” партиясы бир катар көрсөткүчтөр менен 1-орунга чыкты.

Kaktus.media редакциясынын изилдөөсү боюнча, “Бир Бол” — жаштардын партиясы деп табылды. Партиянын курамы 95% жаңыртылып, талапкерлердин орточо жаш курагы — 37 жашты түздү. Жыйынтыкта, “Бир Бол” аталган маалымат каражатында берилген тизменин 1-сабына чыккан.

Ошондой эле, Sputnik.kg сайтынын санагына караганда “Бир Бол” партиясынын тизмесинин 95%ын жогорку билимдүүлөр түзүп, башка партиялардын ичинен сап башында турат.

Кошумчалай кетсек, “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкерлигин 108 киши койгон. Анын ичинен 63%ы эркектер, калган 37%ы аялдар. Курагы 35 жаштан ашпаган талапкерлер 44%ды түзөт. Ошондой эле башка улуттун өкүлдөрүнүн саны – 28. Мүмкүнчүлүгү чектелгендерден 4 жаран талапкерлигин койгон.

Учурда Кыргызстандагы айрым ЖМКлар саясий партиялардын курамын иликтеп, аны окурмандарга сунуштап жатат. Бул өз кезегинде туура тандоого багыт берүүгө жардам берет.

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 15-сентябрь, 2020-жыл.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>