“Бир досум кетсе, артымда 7 млн досум бар”. Садыр Жапаров Ташиев экөөнүн мамилеси тууралуу суроолорго жооп берди

26.02.2026 | 15:20

Өлкө башчы Садыр Жапаров коомдук ишмер Мурат Жетимишбаевдин УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиев менен болгон мамилеси эмне болот тынсыздануусуна жооп берди.

“Кабар” агенттигине берген маегинде Жапаров бул маселени трагедия катары кароого негиз жок экенин айтып, абал мурдагыдан да жакшы болорун билдирди.

“Жашоо токтоп калбайт. Бир досум кетсе, артымда 7 миллиондон ашуун досум бар. Мага баарынан жалпы элибиз жана мамлекетибиз кымбат. Кимде-ким элдин тынчтыгын бузса, аёосуз жазасын алат. Ага акылыбыз да, күчүбүз да жетет”, – деди ал.

Эске салсак, 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы кызматтарынан бошоткон. Анын эртеси Ташиев билдирүү жасап, иштен алынып жатканда Германияда дарыланып жүргөнүн, бул жаңылык ал үчүн “күтүүсүз” болгонун айткан.

Андан кийин Садыр Жапаров маек берип, Камчыбек Ташиевдин кызматынан алуу чечимин өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана саясий бөлүнүүнүн алдын алуу зарылдыгы менен түшүндүргөн.

Scroll to Top