Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Эдуард Кубатов Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси болду
10.04.2026 | 09:54
Эдуард Кубатов Министрлер кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды, дайындоо тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу КР Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Кубатов 54 жашта. Ал КР Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти, ошондой эле Индонезиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу болуп саналат.
2021-жылдын май айында ал планетанын эң бийик чекити болгон Эверестке чыккан. Спортчу чокуга чыгуу альпинисттерге оңойго турбаганын айтып берген. Экспедицияга аттанган төрт адам каза болгон.
2022-жылы ал Беларусь президенти Александр Лукашенконун колунан мамлекеттик сыйлык алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Кыргызстан, туризм