Соңку суткада коронавирус 128 адамдан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.
Илдет табылган адамдар төмөнкү аймактарда:
Бишкек — 18
Ош – 3
Чүй облусу – 12
Ош облусу — 14
Талас облусу — 6
Нарын облусу – 3
Ысык-Көл облусу – 24
Жалал-Абад облусу – 27
Баткен облусу – 21
Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуккандар жалпы 43587 адамга жетти.
Ошондой эле бир күндө 234 адам илдеттен сакайып үйлөрүнө чыккан. Сакайгандардын жалпы саны 37 726га жетти.
Соңку суткада Кыргызстанда коронавирус илдетинен каза болгондор катталган жок.