Соңку суткада коронавирус 161 адамдан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Илдет табылган адамдар төмөнкү аймактарда:
Бишкек — 29
Ош – 13
Чүй облусу – 9
Ош облусу — 33
Талас облусу — 1
Нарын облусу – 2
Ысык-Көл облусу – 6
Жалал-Абад облусу – 23
Баткен облусу — 45
Алардын ичинде 5 медициналык кызматкер бар.
Жалпы коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 46251ге жетти.
Ошондой эле бир күндө коронавирустан 151 адам сакайып, үйлөрүнө чыккан. Алардын арасында 4 медицина кызматкери бар.
Муну менен сакайгандардын жалпы саны 42 453кө жетти.
Соңку суткада Кыргызстанда коронавирустан адам өлүмү катталган жок.