Соңку суткада коронавирус 81 адамдан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрдагы брифингде Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
“Бишкекте 7, Ошто 4, Чүй облусунда 8, Ош облусунда 22, Талас облусунда 3, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусу нда 8, Жалал-Абад облусунда 13, Баткен облусунда 15 адамдан COVID-19 U07.1 жана U07.2 илдеттери табылды”, — деди Акматова.
Жалпы коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 45153кө жетти.
Ошондой эле бир күндө коронавирустан 107 адам сакайып, үйлөрүнө чыккан. Алардын арасында 9 медицина кызматкери бар.
Муну менен сакайгандардын жалпы саны 41 317ге жетти.
Соңку суткада Кыргызстанда коронавирустан адам өлүмү катталган жок.