Бир күндө коронавирустан 1 адам көз жумду. Бул тууралуу бүгүн 1-сентябрдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтуусуна караганда Бишкек шаарынын 1 тургуну коронавирустан каза тапты.
Муну менен Кыргызстанда бул илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1060ка жетти.
Мунун менен катар , өлкөдө 60 адамдан коронавирус аныкталды
Алар төмөнкү аймактарда:
Бишкек — 13
Ош – 1
Чүй облусу – 2
Ош облусу — 7
Талас облусу — 3
Нарын облусу – 1
Ысык-Көл облусу – 3
Жалал-Абад облусу – 14
Баткен облусу – 16
Жалпы коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 43958ге жетти.
Ошондой эле бир күндө коронавирустан 190 адам сакайып, үйлөрүнө чыккан. Муну менен сакайгандардын жалпы саны 38 649га жетти.