Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстан боюнча 425 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 8-августта өткөн брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында эң көп учур Бишкек шаарында.
«Бишкек — 124, Ош – 31, Чүй облусу – 36, Ош облусу — 47, Талас облусу – 7, Нарын облусу – 16, Ысык-Көл облусу – 41, Жалал-Абад облусу – 78, Баткен облусу — 45 адамдан илдет табылды”, — деди Акматова.
18-марттан 7-августка чейин өлкөдө жалпы 39 587 адам коронавирус жуктуруп алган.
Ошондой эле бир суткада 517 кыргызстандык илдеттен сакайган, муну менен айыккандардын жалпы саны 31 281ге жетти.