Кыргызстанда акыркы 24 саат ичинде коронавирус илдетинен 17 бейтап көз жумганын Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
30-июлга карта кайтыш болгондордун эң көбү Бишкекте катталган – тогуз адам, Жалал-Абад облусунда төрт, Нарын жана Чүй облустарында экиден адам.
Жалпысынан өлкө боюнча вирус жуктуруп каза болгондордун саны 1 364 адамга жетти.