Жапаров 16 жаштагы кыз менен байланышы үчүн соттолгон жаранга ырайым кылуу өтүнүчүн четке кактыБишкектин айрым аймактарында 13-октябрда ичүүчү суу өчүрүлөтБишкекте бир бөлмөлүү батир сатып алуу үчүн 47 жыл иштөө керекЭнергетика министри Токтогул ГЭСинин кышка даярдыгы менен тааныштыБаткендиктер Садыр Жапаровго суу жана акыйкат сот маселелери боюнча даттаныштыЫсык-Көлдөн синтетикалык торлор жана таштандылар чыгарылды
Жээнбек Кулубаев Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи менен жолугушту
16.07.2025 | 17:22
Кытайдын Тяньцзинь шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчинин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланган.
Ошондой эле Жакынкы Чыгыш аймагындагы азыркы кырдаал боюнча пикир алмашышып, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүүнү улантуу тууралуу сүйлөшүшкөн.
Белгилей кетсек, бул жолугушуу иран тараптын демилгеси менен ШКУ мамлекеттеринин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат