“Бир Тууган Фесттин” уюштуруучулары концерттин токтотулушу боюнча түшүндүрмө беришти
Жакында Чолпон-Атада өткөн “Бир Тууган Фесттин” уюштуруучулары концерттин жыйынтыктоочу бөлүгүнүн өтпөй калышы боюнча расмий түшүндүрмө таратышты. Алардын билдирүүсүндө иш-чара соңуна чейин болбой калганына өкүнүчүн билдиришип, мындай чечим алардын эмес, тиешелүү жоболор жана Тынчтык мыйзамынын негизинде кабыл алынганын маалымдашты.
«Бул чечимди фестивалдын уюштуруучулары кабыл алган жок. Биз да сиздердей эле капа болдук. Артисттерге да, көрүүчүлөргө да татыктуу финал тартуулай албаганыбызга өкүнөбүз», — деп жазышты уюштуруучулар расмий билдирүүсүндө.
Ошондой эле, алар фестивалга билет сатып алгандарга кийинки концерт үчүн 50% арзандатуу караларын айтып, анын чоо-жайын жакын арада жарыялашарын кошумчалашты.
Эскерте кетсек, фестиваль көпчүлүк көрөрмандар күтүп жаткан ири маданий иш-чаралардын бири катары каралып, токтотулушу коомчулукта кызуу талкууга алынган болчу.