Бир жылда акыйкатчыга сот отурумдарына арызданып, 800дөн ашык адам кайрылган

19.03.2026 | 12:14

2025-жылы Акыйкатчы институтуна сот отурумдарда укуктардын бузулушу же айрым кемчиликтер боюнча 816 арыз-даттануулар түшкөн.

Институттун маалыматында, келип түшкөн арыздар төмөнкүдөй мазмундарга ээ:

  • Сот чечимдерине макул эместик, бул арыздардын басымдуу бөлүгүн түзөт;
  • Укуктук консультация алуу — 57;
  • Алимент өндүрүүгө байланыштуу арыздар — 56;
  • Судьялардын аракеттерине же аракетсиздигине даттануу — 35;
  • Сот чечимдеринин аткарылбай жатышы жана сот аткаруучулардын ишине баа берүү — 19.

Мындан тышкары соттук отурумдардын кечигип башталышы жана белгиленген күнү өтпөй, бир нече жолу кийинкиге жылдырылылышы системалуу көйгөй бойдон калууда. 

Акыйкатчы институту тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө ар бир экинчи соттук отурум белгиленген убакыттан кеч башталганы аныкталган. Жалпы 270 отурумдун 112си (41,5%) башка күнгө жылдырылган. Процесстердин үзгүлтүккө учурашына судьялардын башка иштер менен алектиги, катышуучулардын келбей калышы же сот залынын бош эместиги себеп болгон.

Мындан улам акыйкатчы Жамиля Жаманбаева аныкталган кемчиликтерди жоюу максатында Жогорку сотко сунуштарды жөнөткөн. Тактап айтканда, соттук отурумдардын графигинин сакталышына көзөмөлдү күчөтүү, отурумдарды жылдыруунун себептерине талдоо жана сот залдарын аудио жана видео жазуу каражаттары менен толук жабдуу боюнча сунуштарды берген.

Scroll to Top