Биринчи май райондук соту экс-депутат Мээрбек Мискенбаевди камакка алды

Биринчи май райондук соту экс-депутат Мээрбек Мискенбаевди камакка алды

Кечээ, 27-декабрда Бишкектеги Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Жогорку Кенештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаевди камакка алды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Жоошевдин айтуусунда, Кой-Таш окуяларында «бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «калайман башаламандык уюштуруу», «барымтага алуу» боюнча айып тагылды.

Мискенбаев СИЗО-1ге 9-февралга чейин камакка алынды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>