Кудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайыБишкекте таштанды кайра иштетүү заводунун пилоттук эксплуатациясы башталды
Бирөөңөн да коркпойм! Парламенттин жыйынында ызы-чуу чыкты
11.09.2025 | 11:56

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар кайым айтыша кетип, залда кайрадан чыңалуу жаралды.
Депутат Эрулан Көкүлов кесиптештерине кайрылып: Түшүнөм, көбүңөргө Кыргызстандын келечеги керек деле эмес, бирок тынч отуруп берип койгулачы, — деди.
Анын сөзүнө эл өкүлү Акылбек Түмөнбаев жооп кайтарып, эки эл өкүлүнүн ортосунда кайым айтышуу болду.
Талкуунун жүрүшүндө Көкүлов парламент депутаттарына сын айтты: Өкмөт келсе үнүңөр чыкпай калат, тизилип отурасыңар. Мен силерге видеофакты менен беш секундда көрсөтүп берем. Бирөөңөн да коркпойм!— деди ал.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Көкүловду жалпы парламентке сөз тийгизбөөгө чакырып, депутаттар өкмөт менен парламенттин ортосуна «от жакпашы» керектигин белгиледи.