Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Садыр Жапаров Малайзия Сенатынын төрага орун басарын кабыл алды
11.09.2025 | 11:53

Президент Садыр Жапаров Малайзия Сенатынын төрага орун басары Нур Жазлан Мохамадды кабыл алды.
Президенттик Администрациянын маалыматында белгиленгендей, жолугушууда тараптар саясий, экономикалык, инвестициялык жана билим берүү тармактарында кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Президент Кыргызстан Малайзияны Түштүк-Чыгыш Азиядагы маанилүү өнөктөш катары карай турганын жана өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү өсүп жатканын белгиледи.
Малайзиялык өкүл парламенттер аралык достук тобун түзүү демилгесин көтөрүп, кызматташууну тереңдетүүгө кызыктар экенин билдирди.
Жапаров ошондой эле Кыргызстандагы экономикалык өсүш, инфраструктураны өнүктүрүү жана санариптештирүү багытындагы иштер тууралуу маалымат берди.