Иран АКШга карата талаптарын катаалдантты: ИРСКнын таасиринен улам сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелдиКыргызстан эл аралык агрофорумга катышууда: тараптар технологияларды трансферлөө аркылуу АӨКтү заманбапташтырууну макулдаштыСокулукта ооруканага караштуу имарат жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылдыКыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрүнүн офицерлери Россияда окуудан өтүштү: аскердик-практикалык жыйындардын жыйынтыгыБишкекте кыргыз-россиялык мектептин курулушу башталды: биринчи имараттын пайдубалы түптөлдүКазакстандагы конституциялык реформа бүткүл Борбордук Азия үчүн тарыхый окуя болду — Кыргызстандын мурдагы элчиси
“Бирөөнө да отпуск жок!” — Оштун мэри кызматкерлерин жазалай турганын айтты
15.07.2025 | 16:41

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев мэрия кызматкерлеринин бири чөп оруп жумушка келбей койгонуна нааразы болуп, бардык кызматкерлерге отпуск болбой турганын жана кондиционерлерди өчүрүүнү буйруду.
“Жеке жашоо деген жок. Президент эс албай иштеп атат, силерге деле ошондой талап. Кондиционерлерге карап эле иш кылышпайт. Аларды өчүргүлө! Кондиционерге караганда жумушка көбүрөөк чыгым кетсин,” — деди мэр.
Токторбаев ошондой эле жумушка келбеген кызматкерге катуу эскертүү берип, шаардык мэриянын иш тартибине көңүл буруларын белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар