15-майдан тарта “Ала-Тоо” борбордук аянтында асфальт төшөө иштери жүрүп жаткандыктан жабылды. Бул туурасында Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ишти Бишкек шаарынын мэриясынын Шаар чарба башкармалыгы жүргүзүүдө. 24-майга чейин бүткөрүү пландалууда.
Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин асфальтталат.