Бишкек абасы эң булганган ири шаарлардын дүйнөлүк рейтингинде 11-орунда
Швейцариялык IQAir компаниясынын абанын сапатын көзөмөлдөө технологияларына адистешкен платформасынын маалыматына караганда, бүгүн, 2 декабрда, Бишкектеги абанын сапаты 183 AQI деңгээлин түздү.
Мындай көрсөткүч адамдын саламаттыгына зыяндуу категорияга кирет. Мындан тышкары, Бишкек абасы эң булганган дүйнөдөгү ири шаарлардын рейтингинде 11-орунду ээлеп турат. Кыргызстан борборундагы абанын негизги булгануучусу — PM2.5 бөлүкчөлөрү.

PM2.5 — диаметри 2,5 мкм жана андан да майда катуу бөлүкчөлөр менен суюктук тамчылары. Алар өтө майда болгондуктан өпкөнүн эң терең бөлүктөрүнө чейин кирип, кан айлануу системасына да өтүп кетиши мүмкүн. Бул респиратордук жана жүрөк-кан тамыр ооруларына, ошондой эле башка ден соолукка байланышкан маселелерге алып келет. PM2.5 күйүү процесстеринде (мисалы, автоунаалардын түтүнүндө), өндүрүштүк чыгындыларда жана токой өрттөрүндө пайда болот.