АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Оштогу Гагарин мектеби оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды
02.12.2025 | 19:00

Ош шаарындагы Юрий Гагарин атындагы мектеп толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, расмий түрдө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.
Мектептин ачылышына шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев катышты.
Мектепти оңдоо иштерине республикалык бюджеттен акча каражаты бөлүнгөн. Эки кабаттуу мектептин ичи, сырты актап-сырдалып, чатыры жаңыланып, окуу бөлмөлөрү толугу менен оңдолгон. Спорт зал, ашкана, ажатканалар жаңыланган.
Ошондой эле парта, отургуч жана башка керектүү жабдуулар толугу менен алмаштырылып, окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом