«Бишкек — башаламан соода жүргүзө турган жер эмес». Мэр Айбек Жунушалиев Ош базарын текшерди

«Бишкек — башаламан соода жүргүзө турган жер эмес». Мэр Айбек Жунушалиев Ош базарын текшерди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев көчмө жыйын өткөрүп, Ош базарынын аймагын текшерди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору коомдук тамактануу жайларда санитардык-эпидемиологиялык нормаларды камсыздоо боюнча жетишсиз иш алып барганы белгиленген.

Мындан тышкары мэр базардын соодагерлери менен жолугушуп, аларга соода жүргүзүү үчүн бөлүнгөн жерлерде гана соода жүргүзүүнү эскерткен.

«Бүгүнкү күндө өрткө каршы нормаларга жана талаптарга ылайык келтирүү, башаламан соодадан тазалоо жана көрктөндүрүү иштери Бишкек шаарынын бардык базарларында жүргүзүлүүдө. Мыйзам жана белгиленген эрежелер бар, өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо үчүн аларды так сактоо керек. Бишкек шаары-башаламан соода үчүн жер эмес», — деп деген мэр.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Айбек Жунушалиев көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүнү, ошондой эле базардын аймагынын санитардык абалын көзөмөлгө алууну тапшырган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>