Бишкек — Чалдовар жолунда мыйзамсыз курулган 15 объект алынды

Бишкек — Чалдовар жолунда мыйзамсыз курулган 15 объект алынды

Чүй облусунда жол боюндагы объектилерди ирээтке келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, курулуштардын мыйзамдуулугун аныктоо жана мыйзамсыз курулуштарды алдын алуу максатында Бишкек-Чалдовар унаа жолунун боюнда, тактап айтканда Сокулук, Жайыл райондорунун аймагында жана Кара-Балта шаарынын аймагында жайгашкан объектилерди ирээтке келтирүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамсыз болуп аныкталган объектилердин ээлери менен түшүндү иштери жүргүзүлүп эскертмелер берилди.

Жыйынтыгында бүгүнкү күндө 15 мыйзамсыз болуп табылган павильон бузулуп алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>