Бишкек дүйнөдөгү жоогазын борборуна айланды. Канча акча кетти?

Бишкек дүйнөдөгү жоогазын борборуна айланды. Канча акча кетти?

Быйыл Бишкекти рекорддук сандагы жоогазындар кооздукка бөлөдү. Жомоктогудай кооздукту калаадагы эс алуу бактарынан көрүүгө болот.

Бул сезондун өзгөчөлүгү — тандалып алынган жана Голландиядан алынып келинген рекорддук сандагы 235 998 даана гүл отургузулуп, «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын гүл өстүрүүчүлөрү борбор калаанын сейил бактарын дизайнерлик композициялар менен кооздоонун элементтерин жаңы түрүн ойлоп чыгышты.

Шаар тургундары пион жоогазындарынын, ошондой эле ак, кызыл, сары, кызгылт жана кызгылт көк жоогазындардын кооздугунан ырахат ала алышат.

Бул демилге «Бишкекжашылчарба»ишканасы шаардын уникалдуу имиджин түзүүгө жана анын тургундарынын жашоо сапатын жашыл долбоорлор аркылуу жакшыртууга умтулуусунун бир бөлүгү.

Жоогазындарды отургузуу шаар мейкиндигин кооздоп гана койбостон, борбор калаанын экологиялык бакубаттуулугуна салым кошуп, Бишкекти дагы да жагымдуу жана жашоого ыңгайлуу кылат.

Былтыр күзүндө Голландиядан алынып келинген 190 миң  жоогазын  отургузулган.
Бишкекке гүлдүн кооздугун тартуулаган муниципалдык ишканынын айрым кызматкерлеринин иш тажрыйбасы 20 жылдан ашат.

Чынында эле,2025-жылы Бишкек чыныгы гүлдөрдүн борборуна айланды. Анын гүлзарларында рекорддук сандагы жоогазын гүлдөдү. Шаар жетекчилиги бул гүлдөрдүн пиязы ар кайсы аймактарга отургузулганын билдирди.

Бишкек шаарында 2025-жылдын 15-мартынан17-майына чейин борбор калаанын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланган.

Ошондой эле ишембиликтин алкагында, менчигинин түрүнө карабастан мекеме-уюмдар, көп кабаттуу үйлөрдө жана жеке турак жайларда жашаган тургундар айлана-тегеректи тазалоого тартылууда.

Муниципалитеттин алдында 2025-2026-жылдарга Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча штаб түзүлүп, ага Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык, ведомстволук бөлүмдөрү жана борбордун чарбалык субъекттери менен күчөтүлгөн режимде ишти уюштуруу тапшырылды. Буга байланыштуу ар кандайдаражадагы шаар жетекчилери борбор калааны көрктөндүрүү боюнча рейддерди уюштурууда.

Аба ырайынын жылышы менен Кыргызстандынборбору ишембиликтен тышкары жыл сайын жашылдандыруу сезонунун алкагында бир жылдык гүлдөрдү отургузууну активдүү баштады.

Адистердин айтымында, жазгы жоогазындардын ордун петуния, мариголд, сальвиа, алиссум жана башка декоративдүү өсүмдүктөр сыяктуу жайкы бир жылдык гүлдөр ээлейт.

Борбор калааны жашылдандыруу иштери дээрлик жай бою уланат, анткени бардык жашыл жана гүл композицияларын кылдаттык менен кароо талап кылынат.

Айта кетсек, 2025-жылы Бишкекти жашылдандырууга 7,1 миллион доллар бөлүнгөн.

Рубрики: МАКАЛАЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>