Бишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарында алкоголдук продукцияларды өндүргөн жашыруун цехтти аныктады. Өндүрүш лицензиясыз жана салык төлөбөстөн ишке ашырылып келген.
Текшерүү учурунда 902 литр спирт, 381 бөтөлкө «Пшеничная» арагы, 43 литр суюлтулган спирт, куюу жана өндүрүү үчүн жабдуулар, ошондой эле 164 даана жасалма акциздик марка табылган.
Мындан тышкары, Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылында «Макколли» аз алкоголдуу суусундугун мыйзамсыз өндүргөн цех табылды. Бул ишканада да тийиштүү документтердин жана лицензиянын жоктугу аныкталып, административдик айып пул салынды.
Салык кызматы маркасы жок акциздик продукцияларды саткандыгы үчүн жоопкерчилик чараларын эскертет:
- 200 даанага чейин сатууда — 100 миң сом айып пул;
- 200 даанадан ашык сатууда — 7 жылга чейин эркинен ажыратуу.
Жарандардын коопсуздугу үчүн алкоголдук продукциялардагы акциздик марканын аныктыгын «Salyk» мобилдик тиркемеси аркылуу текшерүү сунушталат. Шектүү продукциялар аныкталган учурда Салык кызматына кайрылуу зарыл.