Бишкек менен Ошто «Франкофония жазы – 2026» фестивалы өткөрүлөт

25.03.2026 | 13:02

25-марттан 12-апрелге чейин Кыргызстанда «Франкофония жазы – 2026» фестивалы өтөт. Быйылкы иш-чара «Аялдар жана Франкофония» темасына арналган.

Иш-чара Бишкектеги Француз альянсы тарабынан Франциянын, Швейцариянын элчиликтери, Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү, Бельгия менен Румыниянын Казакстандагы элчиликтери жана 20га жакын жергиликтүү өнөктөштөрдүн катышуусунда уюштурулууда. Программа билим берүү, маданий жана оюн-зоок иш-чараларын камтыйт.

Фестивалдын негизги программасы:

  • Ачылыш аземи: 25-мартта саат 18:30да Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда француз пианисти Кристина Фонлюпттун концерти өтөт. Кирүү акысыз билеттер аркылуу ишке ашат.
  • Кинофестиваль: 7-апрелден 10-апрелге чейин «Ала-Тоо» кинотеатрында Швейцария, Франция, Бельгия жана Румыниянын тасмалары көрсөтүлөт. 7-апрелде швейцариялык «Бон шуур Тичино» тасмасынын бет ачары болот. Тасмалар түп нуска тилинде кыргыз, орус жана англис тилдериндеги субтитрлер менен коштолот.
  • Спорт: 28-мартта Ош мамлекеттик университетинин базасында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын аялдар командаларынын катышуусунда регби боюнча эл аралык турнир өткөрүлөт.
  • Конференция жана мода: 2-апрелде Улуттук тарых музейинде Мона Лиза тууралуу конференция, ал эми 4-апрелде Дизайнерлер союзунун мода көрсөтүүсү уюштурулат.
  • Бий фестивалы: 12-апрелде «Groove Republic» эл аралык хип-хоп бий фестивалы өтөт.
  • Жабылыш аземи: 12-апрелде саат 14:00дө Novotel мейманканасында сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болот.

Ош шаарындагы программа:

27–28-апрель күндөрү Ош шаарында Кристина Фонлюпттун концерти, швейцариялык тасманын көрсөтүүсү жана конференциялар уюштурулат.

Маалымат үчүн: Француз тили дүйнөдө таркалышы боюнча бешинчи, ал эми бизнес тили катары үчүнчү орунда турат. Бул тилде беш континентте 330 миллиондон ашык адам сүйлөйт. Эл аралык Франкофония уюмуна 88 мамлекет мүчө.

Scroll to Top