Бишкек мэри базарларда текшерүү иштерин жүргүздү

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы ири базарлар “Дордой” жана “Ош базары” боюнча текшерүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
“Дордой” базарында шаар башчысы жолдорду жана жөө жүргүнчүлөр өтмөктөрүн оңдоо, суу агызуучу түтүк системасын калыбына келтирүү боюнча тапшырмаларды берди. Ошондой эле соодагерлер менен жолугушуп, контейнерлердин мыйзамдуулугун далилдеген документтерди текшерүүнү жана мыйзамсыз курулуштарды өз ыктыяры менен алып салуу тууралуу эскертүү берүү тапшырмасын койду. Өрт коопсуздугу эрежелерин сактоо маселеси дагы көтөрүлдү.
Ал эми “Ош базарында” Ленин районунун администрациясына базарды тартипке келтирүү иштерин көзөмөлдөө жана жыйынтыктоо милдети жүктөлдү. Мындан тышкары, шаардык кызматтарга Ала-Арча дарыясынын боюндагы уруксаты жок курулуштарды бузуу, аймакты тазалоо жана көрктөндүрүү тапшырмасы берилди.
Белгилей кетсек, мэрдин тапшырмасынын негизинде борбор калаадагы бардык базарларды тартипке келтирүү жана талаптарга ылайыкташтыруу иштери улантылууда.