Бишкек мэриясы 96 автотранспортту сатыкка койду. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.
Маалыматка караганда, унаалар 25-июлда өтө турган аукциондо сатылат. Арыздар 22-июлга чейин кабыл алынат.
Ачык аукционго катышуу укугун алуу үчүн талапкер Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине төмөнкүлөрдү тапшырат:
* лоттун номерин көрсөтүү менен ачык аукционго катышуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз;
* талапкер жеке адамдын инсандыгын тастыктаган документ;
* арыз берүүчүнүн жетекчиси экендигин ырастоочу документ же жеке жактын же юридикалык жактын-арыз берүүчүнүн атынан иш алып баруу укугуна ишеним кат;
* кепилдик взностун (депозиттин) төлөнгөндүгүн ырастоочу төлөм документтери.
Кепилдик төлөмдү которуу үчүн депозиттик эсептин реквизиттери:
Алуучу: Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти
Алыш-бериш эсеби: 4402062200010083
КР ФМ Борбордук казыналык банкы
БИК 440001
Төлөм коду: 14511900
Тапшыруу: ММБД ИНН 00501201710120 конкурска катышуу үчүн депозиттин суммасы ЛОТ №_
Бардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине, муниципалдык менчикти жана укук белгилөөчү документтерди