Бишкек мэриясы шаардыктарды иштебей жаткан жол чырактар тууралуу кабарлоого чакырды

14.11.2025 | 11:00

«Шаардык жол-транспорт инфраструктурасы» муниципалдык ишканасы Бишкектеги жол чырактардын иштебей калуусу электр энергиясынын өчүрүлүшүнө байланыштуу экенин билдирди.

Маалыматка караганда, адистер жол чырактардын ишин ыкчам түрдө калыбына келтирип жатышат, бирок РЭТ линияларындагы үзгүлтүктөрдөн улам бузулуулар кайталанууда.

Ишкана жол чырактардын туруктуу иштешин камсыздоо үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын белгилеп, жарандарды убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.

Эгер иштебей турган жол чырактарды көрүп калсаңыз, төмөнкү номурларга кабарласаңыз болот:

  • 0504 88-90-99
  • 0559 88-90-99
  • 0312 88-90-99
  • 0312 65-01-80
Scroll to Top