«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Айрым ашууларда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди
10.03.2026 | 11:03

Бүгүн, 10-мартка карата аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргызстандын тоолуу жолдорунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Өтмөк ашуусунда, Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөөлөр күчүндө турат.
Ашуулардагы учурдагы абал:
- Бишкек – Ош унаа жолу: Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Көк-Бел ашууларында жеңил унаалар үчүн каттам бар.
- Суусамыр -Талас – Тараз жолу: Өтмөк ашуусунда жеңил унаалар өтө алат.
- Башка багыттар: Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолунун Тоң-Мурун ашуусунда, Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун Долон жана Түз-Бел ашууларында, ошондой эле Түп – Кеген жолунда жол ачык, каттам бар.
Учурда жол тейлөө ишканалары жана подряддык компаниялар тарабынан кар тазалоо, жолдорго инерттик материалдарды чачуу жана жол жээктерин кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө.
Министрлик айдоочуларды жол коопсуздугун камсыздоо үчүн ылдамдыкты сактоого, каршы тилкеге чыкпоого жана унаада керектүү техникалык шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом