Бишкек: Окуучулардын массалык уулануусунун себеби аныкталды

Бишкек: Окуучулардын массалык уулануусунун себеби аныкталды

Бишкектеги тамак-аштан массалык ууланууга алтын стафилококк себеп болгон. Бул тууралуу борбор калаанын борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын санитардык дарыгери Кундуз Эсенгулова маалымат жыйынында билдирди.

Ал массалык уулануу 5-майда катталганын эске салды.

«7-класстын 10 окуучусу жана бир мугалим жабыркаган. Алар шаарга Сокулук районунан келишкен. «Эл Эмне жейт» тез татым түйүнүндө түшкү тамактанып, шаурма жешкен. Андан кийин алар кинотеатрга барышкан, кийин — паркта сейилдеп жүрүшүп,алар тамактан уулануунун клиникалык көрүнүштөрү боло баштаганын сезишкен: кусуу, температура. Мугалим тез жардам кызматын чакырган», — деди санитардык дарыгер.

Кундуз Эсенгулова шаурмадан алтын стафилококк табылганын кошумчалады.

«5-майдан 24-майга чейин тез татым сатуучу жай текшерүү учурунда аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин жабылды. Тактап айтканда, кызматкерлердин медициналык китептери жана соода түйүнүнө уруксат кагаздары болгон эмес. 41 миң сом өлчөмүндө айып салынган. Материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди», — деди ал.

«Тойбос» жана «КавКев» фирмаларында да текшерүү жүргүзүлдү, анткени мектеп окуучулары Бишкекке келе жаткан жолдо дүкөнгө токтоп, бутерброд сатып алышкан. Продукцияда стафилококк табылган эмес, бирок, ошентсе да башка мыйзам бузуулар үчүн фирмаларга айып пул салынган.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери тамак-аштан уулануу боюнча 51 учур катталып, анын бешөө массалык түрдө катталган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>