Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түштү

Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түштү

Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 05:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 223-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) жалпы көлөмү 12000м3 кар көчкү түшүп, унаа жолго 1440м3 түшкөн.

Жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн №23 ЖТИден 2 жүктөгүч, 1 грейдер, 1 МАЗ, ӨКМнин Токтогул райондук өзгөчө кырдаалдар бөлмүнүн ыкчам тобу тартылып, саат 07:15те жол толук тазаланып ачылды.

«Арал» постунда саат 07:20да жеңил унааларга болгон каттам ачылды, оор жүк ташуучу унааларга болгон чектөө алына элек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>